Жолугушуунун жыйынтыгы

Чүй ОИИББнин 2017-жылдын жыйынтыктоочу ыкчам-кызматтык кеңешмеси өткөрүлдү

2018- жылдын 15-январь күнү Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын 2017-жылдын жыйынтыктоочу ыкчам-кызматтык кеңешмеси өткөрүлдү. Анда Чүй облустук милициясынын жана райондук-шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин иш алып баруусу каралды. Ыкчам кеңешмеге Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматынын башчысы, милициянын полковниги Уметалиев Талант Жедигерович, ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын башчысы, милициянын полковниги Болпонов Нурмат Жумабекович, Чүй ОИИББнин башчысы, милициянын полковниги Сарчаев Нурлан Асылбекович жана райондук- шаардык бөлүмдөрүнүн башчылары катышышты.

Ыкчам кеңешме Чүй ОИИББнин өздүк курамын сыйлоо менен башталып: “Ардак грамота”, “Мыкты кызматкер”, “Мыкты ардагер”, атайын төш лентасы менен сыйланышты. Ыкчак кеңешменин экинчи бөлүгү Чүй ОИИББнин башчысынын орун басары, милициянын полковниги  Асанов Марлис Сурапбековичтин баяндамасы менен башталып, 2017-жылдын 12 айынын ичинде 6231 кылмыш катталып, анын ичинен 5703 кылмыштын бети ачылып, 70,2 % түзсө, криминалдык милициянын багыты боюнча 4313 кылмыш иши катталып, анын ичинен 2842 кылмыштын бети ачылып, 65,9 % түзгөн.

Чүй ОИИББнин башчысынын орун басары баяндаманы окуп жатып, адам өлтүрүү, денге оор залал келтирүү, каракчылык, тоноо, опуза талап кылуу сыяктуу кылмыш иштеринин бетин ачуу боюнча бир катар иш-чаралар жүргүзүлгөнүн белгиледи.

Андан сырткары, ыкчам кеңешмеде 2017-жылдын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы менен Чүй облустук милициясынын жана райондук-шаардык ички иштер бөлүмдөрүнөн мыктылары тандалып, анын ичинен Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмү биринчи орунга ээ болуп, Жайыл райондук ички иштер бөлүмү экинчи орунга ээ болсо, Москва райондук ички иштер бөлүмү үчүнчү орунга татыды.

Чүй ОИИББнин башчысы Нурлан Асанбекович ишинде мыкты кызматкерлерге жана райондук -шаардык бөлүмдөргө “Ардак грамоталарын” тапшырды.

Ыкчам кенешменин жыйнтыгында 2018-жылга карата бир нече тапшырмалар берилди.